Загрузка документа…
ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
Жаны-Арык айылдык Кенешинин XXVIII-чакырылышынын V-кезектеги сессиясы
2022-жылдын 8-апрели № 8/1
Жаны-Арык айыл аймагында жазгы айдоо-себүүгө катышуучу айыл-чарба техникаларынын тарифтерин, мал багуунун акысын, мал башына жайыт акыны, чѳп чабуучу техниканын, дан эгиндерин жыйноочу техниканын тарифтерин бекитүү жана корук жерлерге түшкѳн малдарга айып пулдарды белгилѳѳ, корук уюштуруунун, сугат сууларын пайдалануу мѳѳнѳттѳрүн белгилѳѳ жѳнүндѳ
Жаны-Арык айыл аймагынын тургундары менен ѳткѳрүлгѳн жыйындардын протоколдорунун негизинде Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Т.Карымшаковдун сунушун карап жана маалыматын угуп жана айылдык кенештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, сунуштарын эске алып Жаны-Арык айыл аймагынын айылдык Кенеши, токтом кылат:
1. Жаны-Арык айыл аймагында жазгы айдоо-себүүгө катышуучу айыл-чарба техникаларынын тарифтерин, мал багуунун акысын, мал башына жайыт акыны, чѳп чабуучу техниканын, дан эгиндерин жыйноочу техниканын тарифтери жана корук жерлерге түшкѳн малдарга айып пулдарды белгилѳѳ, корук уюштуруунун, сугат сууларын пайдалануу мѳѳнѳттѳрү тѳмѳндѳгүдѳй белгиленсин жана бекитилсин:
1) 1 га жер аянты үчүн:
- Жер айдоо – 1400 сом, 25 л май (каз тамандуу тракторлорго 30 л май)
- Малалоо – 600 сом, 10 л май
- Себүү – 600 сом, 10 л май
- Шак тартуу – 200 сом, 5 л май
- Чөп чабуу (косилка) – 1000 сом 10 л май
- Чөп чабуучу комбайн – 1200 сом, 10 л май
- Пресс подборщик – 1 түк чөп 8 сом, 1 га жерге 10 л май
- Жеке менчик комбайндын акысы – 1500 сом, 25 л май
- Айыл өкмөтүнүн карамагындагы комбайндардын акысы- 1300 сом, 25 л май
2) 1 га жер аянты сугат жүргүзүү үчүн:
- Кара сугат – 6 саат
- Жер жана чөп аянтын сугаруу – 5 саат
- Огород сугаруу – 4 саат. Огород сугаруу Кызарт, Жаны-Арык айылдары боюнча кечки саат 17-00 дѳн, түнкү саат 24-00 гѳ чейин жүргүзүлѳт. Ал эми Базар-Турук, Кызыл-Эмгек айылдары боюнча кечки саат 19-00 дѳн, түнкү саат 24-00 гѳ чейин жүргүзүлѳт.
3) Мал багуунун акысы
- Бодо малга – 400 сом
- Кой-эчки – 50 сом
4) Жайыт акысы:
- Бодого (уй, жылкы, топоз) – 60 сом, төлүнө алынбайт
- Кой-эчки – 12 сом, төлүнө алынбайт.
Эскертүү: Ар бир мал ээси жайыт акысын ѳздѳрү тѳгүшѳт.
5) Корук уюштуруу: 2022-жылдын 20-апрелинен башталат. Күзүндө оруп-жыюу өнөктүгү толук аяктаганга чейин же 1-октябрь 2022-жылга чейин жүргүзүлөт.
Корукка түшкөн малдын айып пулу:
Бодо малдарга (уй, жылкы) – 200 сом (тѳлүнѳ алынбайт)
Кой-эчкиге – 30 сом (тѳлүнѳ алынбайт)
Эскертүү: Корукчу 12 саат ичинде мал ээсине, айыл башчыларга камакка мал түшкѳндүгү жѳнүндѳ билдириши керек. Эгерде бул аралыкта мал ээси корукка түшкѳнү үчүн камалган малдарын чыгарып кетпесе, мал зыянга учураса корукчу тѳлѳбѳйт
6) Көчүү- конуунун убактысы:
20-апрелден тартып ички жайыттарга, ал эми сырткы жайыттарга 20-июнга чейин толук көчүп бүтүшү керек. Жайлоодон 1-октябрь 2022-жылга чейин кѳчүп келбеши керек.
Эскертүү: Алыскы жайыттарга мал баккандардын жүгүн көчүрүү Түз-Ашуу ашуусу менен ашса 4000 сом, ал эми Шилбили ашуусу менен ашса 6000 сом.
2. Жаны-Арык айылдык Кеңешинин 06.04.2021-жылдагы №35/1 токтому күчүн жоготту деп табылсын;
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Т.Карымшаковго милдеттендирилсин.
Төрайым: | М. Акматалиева |