Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-февралы №24
Кичи-Жаргылчак айылындагы С.Мендебаев атындагы мектебинин жери жөнүндө
Жаргылчак айыл аймагынын Кичи-Жаргылчак айылындагы С.Мендебаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебининин жер аянтына, мектептин жаңы имаратын курууга макулдук берүү максатында Жаргылчак жергиликтүү кеңешитоктом кылат:
1. Кичи-Жаргылчак айылындагы С.Мендебаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебининин жер аянтына мектептин жаңы имаратын курууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тиешелүү иш кагаздарын жүргүзүү айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси М.Жаманаковго тапшырылсын.
3. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Акматовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
Төрага Т.К.Баякунов