Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-февралы №25
Кичи-Жаргылчак айылындагы спорт залдын тегерегиндеги 4,70га жер янтын трансформациялоо жөнүндө
Жаргылчак айыл аймагынын Кичи-Жаргылчак айылындагы спорт залдын тегерегиндеги 4,70га жер янтын трансформациялоого макулдук берүү максатында Жаргылчак жергиликтүү кеңешитоктом кылат:
1. Кичи-Жаргылчак айылындагы спорт залдын тегерегиндеги 4,70га жер янтын трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тиешелүү иш кагаздарын жүргүзүү айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси М.Жаманаковготапшырылсын.
3. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Акматовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
Төрага Т.К.Баякунов