Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-февралы №26
Жеңиш айылына этно-комплекс куруу жөнүндө
Жаргылчак айыл аймагынын Жеңиш айылындагы 1.60га жер аянтына этно-комплекс курууга макулдук берүү максатында Жаргылчак жергиликтүү кеңешитоктом кылат:
1. Жеңиш айылындагы 1.60га жер аянтына этно-комплекс курууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тиешелүү иш кагаздарын жүргүзүү айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси М.Жаманаковго тапшырылсын.
3. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Акматовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
Төрага Т.К.Баякунов