Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-февралы №28
Ак-Терек айылындагы эски алма бактын жерин трансформациялоо жөнүндө
Жаргылчак айыл аймагынын Ак-Терек айылындагы эски алма бактын жерин трансформациялоого макулдук берүү максатында Жаргылчак жергиликтүү кеңешитоктом кылат:
1. Ак-Терек айылындагы эски алма бактагы9га жер аянтын трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тиешелүү иш кагаздарын жүргүзүү айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси М.Жаманаковготапшырылсын.
3. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Акматовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
Төрага Т.К.Баякунов