ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-февралы №29
Жаргылчак айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Жаргылчак жергиликтүү кеңешинин төрагасы Т.К.Баякуновдун жана айыл тургундарынын кайрылуусу менен таанышып, талкуулап Жаргылчак жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
- Мамлекетибиздин укук коргоо тармактарында көп жылдык үзүрлүү эмгеги, мамлекетибизде жана Даркан айылда курулган жаңы имараттарды долборлоодогу үзүрлүү эмгектери үчүн Даркан айылынын тургуну О.Ж.Урманбетовго Жаргылчак айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
- Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Акматовго тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.