Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-февралы №31
Жаргылчак айыл аймагынын айылдарында көчөлөрдүн абалын ирээтке келтирүү жөнүндө
Жаргылчак айыл аймагынын айылдарында көчөлөрүн кеңейтүү, сугат суу арыктарын жылдыруу жана көчөлөрдүн жалпы абалын ирээтке келтирүүмаксатында Жаргылчак жергиликтүү кеңешитоктом кылат:
1. Жаргылчак айыл аймагынын Ак-Терек, Кичи-Жаргылчак, Чоң-Жаргылчак, Жеңиш жана Даркан айылдарында көчөлөрүн кеңейтүү, сугат суу арыктарын жылдыруу жана көчөлөрдүн жалпы абалын ирээтке келтирүүиштери жүргүзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык райондук тиешелүү мамлекеттик мекеме-ишканалар менен биргеликте тактоо иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына жана айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси М.Жаманаковго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Акматовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
Төрага Т.К.Баякунов