Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын II кезексиз сессиясы
2024-жылдын 10-декабры № 8
“Мады айыл аймагынын Асан-Чек айылындагы Болуш Мадазимов атындагы маданият үйүнүн чатырын сырдоо, сырткы дубалын ремонттоо үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө”
Мады айыл аймагынын Асан-Чек айылындагы Болуш Мадазимов атындагы маданият үйүнүн чатырын сырдоо, сырткы дубалын ремонттоо үчүн дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен ишке ашыруу максатында өздүк салымга Мады айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө айыл өкмөт башчы Н.Алимбековдун маалыматын угуп жана талкуулап Мады айылдык кеңеши токтом кылат
1. Мады айыл аймагынын Асан-Чек айылындагы Болуш Мадазимов атындагы маданият үйүнүн чатырын сырдоо, сырткы дубалын ремоттоо үчүн өздүк салым катары Мады айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин эсебинен 512 512 (беш жүз он эки миң беш жүз он эки) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Мады айыл аймагынын башчысы Н.К.Алимбековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин инвестициялар, ишкердик, соода ички жана тышкы экономикалык байланыштар коомдук уюмдар менен иштөө боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Темирбаев |