Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын II кезексиз сессиясы
2024-жылдын 10-декабры № 9
“Мады айыл аймагынын Социализм айылындагы Аксаамай мектепке чейинки билим берүү уюмун ремоттоо үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө”
Мады айыл аймагынын Социализм айылындагы Аксаамай мектепке чейинки билим берүү уюмунун чатырын, бөлмөлөрдүн терезелерин, 2 бөлмөнүн потологун, 2 бөлмөнүн полун, коридордун потологун алмаштыруу үчүн дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен ишке ашыруу максатында өздүк салымга Мады айыл аймагынын 2025-жылдын бюджетинин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү айыл өкмөт башчы Н.Алимбековдун маалыматын угуп жана талкуулап Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мады айыл аймагынын Социализм айылындагы Аксаамай мектепке чейинки билим берүү уюмунун чатырын, бөлмөлөрдүн терезелерин, 2 бөлмөнүн потологун, 2 бөлмөнүн полун, коридордун потологун алмаштыруу үчүн өздүк салым катары Мады айыл аймагынын 2025-жылдын бюджетинин эсебинен 498 500 ( төрт жүз токсон сегиз миң беш жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Мады айыл аймагынын башчысы Н.К.Алимбековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин инвестициялар, ишкердик, соода ички жана тышкы экономикалык байланыштар коомдук уюмдар менен иштөө боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Темирбаев |