Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара–Гуз айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги үчүнчү сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы
2025-жылдын 5-февралы №3/1
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2025-жылга каралган бюджетин бекитүү жана 2026-2027-жылдарга кирешелер бөлүгүнүн болжолдуу планын бекитүү жөнүндө
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2025-жылгакарата бюджетинин долбоорун бекитүү жана 2026-2027-жылдарга кирешелер бөлүгүнүн болжолдуу планын бекитүү жөнүндөгү Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Арзибековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Кара-Гуз айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата бюджетинин кирешелер бөлүгү 33 425,9 миң сом жана чыгашалар бөлүгү 33425,9 миң сомго өлчөмүндө бекитилсин.
2.Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелеринин болжолу 2026-жылга 34 474,2 миң сомго, 2027-жылга 35 795,2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3.2025-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1-тиркемеге ылайык аныкталсын(тиркеме тиркелет). Айыл өкмөтүнүн чыгаша бөлүгү 2025-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте коргоого алган чыгымдардын статьяларына каржылануусу белгиленсин.
4.Мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдинге тапшырылсын.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара-Гуз айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | С.Ч. Абзаитов |