Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара–Гуз айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги үчүнчү сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы
2025-жылдын 5-февралы №3/2
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинен калдык акча каражатын 2025-жылдын бюжетине кошумча киргизүү жөнүндө
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинен калдык 3 179 224 сом акча каражатын 2025-жылдын бюджетине кошумча киргизүү боюнча депутаттардын Кара-Гуз айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2024-жылдан 3 179 224 сом акча каражаты айрым статьяларынан үнөмдөлгөн калган акча каражаты 2025-жылдын бюджетинин 3 179 224 сомго кошумча киргизип берүү Кыргыз Республикасынын Кара-Кулжа райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
2.Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2024-жылдан 101 700 сом үнөмдөлүпм калган атайын төлөм каражаты, 2025-жылга атайын төлөм каражатынын калдыгы 101 700 сом кошуп берүү Кыргыз Республикасынын Кара-Кулжа райондук финансы башкармалыгынан суралсын..
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара-Гуз айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссииясына жана Финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Арзибековго жүктөлсүн.
Төрага: | С.Ч. Абзаитов |