Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара–Гуз айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги үчүнчү сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы
2025-жылдын 5-февралы №3/3
2025-2027-жылдарга карата Кара-Гуз айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик адмиинистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүдө” мыйзамынын 34-39-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кара-Гуз айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2025-2027-жылдарга карата Кара-Гуз айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Программада камтылган иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Гуз айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Иса уулу Нурдинге тапшырылсын.
3.Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кара-Гуз айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | С.Ч. Абзаитов |