Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги үчүнчү сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы
2025-жылдын 5-февралы №3/4
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн Жаңы-Талаа айылынын тургуну Сыдыков Айбектин айылдык кеңешке жер сурап жазган арызын кароо жөнүндө
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн Жаңы-Талаа айылынын тургуну Сыдыков Айбектин айылдык кеңешке Тар дарыясынын жээгинен пайдаланылбай турган жараксыз таш жерден жер сурап жазган арызын жана өзүнүн билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Талаа айылынын тургуну Сыдыков Айбекке Тар дарыясынын жээгинен пайдаланылбай турган жараксыз, таштак жерден өздөштүрүүгө Муниципалдык менчик үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилсин .
2.Жер участогуна болгон Мамлекеттик актысын даярдап жана Мамлекеттик каттодон өткөрүп берүү жагы Кара-Кулжа райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3.Жер участогуна болгон тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн жер ресурстары боюнча башкы адиси Б.Салиевге тапшырылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдинге милдеттендирилсин.
Төрага: | С.Ч. Абзаитов |