Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги үчүнчү сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы
2025-жылдын 5-февралы №3/5
Кара-Гуз айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы фондунун жерлерин тактоо жана аукцион өткөрүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Кара-Гуз айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы фондунун жерлерин тактоо жана аукцион өткөрүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча башкы адиси Салиев Бердибектин сунушун угуп жана талкуулап, Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Гуз айыл аймагынын айыл чарба багытындагы фондунун жерлерин тактоо жана аукцион өткөрүү боюнча төмөндөгүдөй комиссиянын курамы түзүлсүн.
1. С.Абзаитов - Айылдык Кеңештин төрагасы, комиссиянын төрагасы
2.С.Абдраев - Айылдык Кеңештин депутаты, комиссиянын төрагасынын орун басары
3.Б.Салиев -Айыл өкмөтүнүн жер ресурстары боюнча башкы адиси,комиссиянын катчысы
Мүчөлөрү:
4.З.Солтоев - Айылдык Кеңештин депутаты
5. Шакирбаев Кубандык - Айылдык Кеңештин депутаты
6.К.Борбоев - Жаңы-Талаа,Калматай айылдарынын айыл башчысы
7.А.Болтоев - Кеңеш, Пор айылдарынын айыл башчысы
8.М.Турганбаев - Жетим-Дөбө,Насирдин,Алтын-Күрөк айылдарынын айыл башчысы
9.А.Ырысбек уулу - Кара-Жыгач айылынын айыл башчысы
10.Б.Атаева Аялдар кеңешинин төрайымы
11.Р.Кудайбердиев - Кара-Кулжа райондук жер ресурстары,кадастр,геодезия боюнча филиалынын адиси
12.К.Табалдыев - Кара-Кулжа райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын адиси
13.Ж.Эркин уулу - Кара-Кулжа райондук ички иштер башкармалыгынын аймактык тескөөчүсү
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн орун - басар жооптуу катчысы К.Каденовго милдеттендирилсин.
Төрага: | С.Ч. Абзаитов |