Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас айылдык кеңештин I чакырылышынын I сессиясы
2024-жылдын 29-ноябры № 1/2
Айылдык кеңештин төрагасынын орун басарларын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 29-ноябрындагы №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Манас айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын Манас айылдык кеңештин төрагасынын/ төрайымынын орун басарларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы бекитилсин.
2. Нишанова Лолахан Эрагашовна жана Жанболотова Гулмайрам Карабаевна Манас айыл аймагынын айылдык кеңештин төрайымынын орун басарлары болуп шайлангандыгы таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага |
| М.Хасилов |