Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги бешинчи сессиясы
2025-жылдын 24-марты № 2
Ала-Тоо айыл аймагындагы 2025-жылдын жазгы талаачылык иштерине даярдыктардын жүрүшү, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 20-январдагы №4 буйругу жана айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 19-мартындагы №149 чыгыш каты жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн башкы адиси М.Сабиржанов айыл өкмөтүнүн 2025-жыл айыл чарба жылында жазгы талаа иштеринин даярдыктардын жүрүшү жөнүндө айтып айылдык кенештин депутаттарына 2025-жылдын 19-мартындагы № 149 сандуу чыгыш каты менен тааныштырып Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 20-январдагы №4 буйругунун негзинде суу чарба курулмаларын жазгы сугат мезгилине даярдоо боюнча арык каналдарды тазалоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 1500,0 миң (бир миллион беш жүз миң) сом,жашыл мурас улуттук компаниясынын алкагында жол боюндагы арчаларды кырктырууга жана улуттук тазалык күнүнө карата ишембиликтерди өткөрүүгө 500,0 миң сом акча каражатын бөлүп берүү,каналдарды баштапкы калыбына келтирүүгө 500,0 миң сом акча каражаат бөлүп берүүнү суранган билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кенештин сесиясы
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл аймагындагы 2025-жыл айыл чарба жылында жазгы талаачылык иштерине жүрүшү айрым кемчилдиктердин бар экендиги белгиленсин жана тез аранын ичинде четтетүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2.Айыл аймагында суу чарба курулмаларын жазгы сугат мезгилине даярдоо боюнча арык каналдарды тазалоо үчүн жана жашыл мурас улуттук компаниясынын алкагында жол боюндагы арчаларды кырктырууга жана улуттук тазалык күнүнө карата ишембиликтерди өткөрүүгө 600,0 (алты жүз) миң сом акча каражатты жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика,муниципалдык менчик, инвестиция тартуу долбоорлор менен иштөө жана ишкердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |