Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги бешинчи сессиясы
2025-жылдын 24-марты № 3
Баш-Булак айыл өкмөтүнүн Садырбай айылынын тургуну Бакиров Карамалинин арызы жөнүндө
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасынын атына Бакиров Карамалинин Ала-Тоо айыл аймагынын Кайрагач айылынын Ош-Өзгөн авто унаа жолунун күн батыш тарабындагы №697 контурда жайгашкан кайракы жер аянтына 200 (эки жүз) орундуу бала бакча саламын деп арыз жазгандыгын,арызында Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Берикбаевке кайрылып жер ресурстары агенттигинин Кара-Суу филиалы, түштүк аймактык топурак агрохимиялык агенттиги,Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресустары,экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгы,Ош токой чарба мекемеси,Ош электр тармактар ишканасы,маданият министрлиги, Кара-Суу райондук шаар курулуш архитектура башкармалыгына жерге жайгаштыруу мекемелеринен №697 контурдагы кайракы жер аянтын карап жооп беришкендигин,алардын баарынан жооп каттарын алгандыгын маалымдады.Ушул маалымат каттардын негизинде айылдык кеңештин депутаттарынын кезектеги сессиясына анын арыз жазуусунун негизинде 200 (эки жүз) орундуу бала бакча салынуучу жерге депутаттардын макулдугун алып берүү боюнча суранган арызы менен тааныштырып депутаттардын кароосуна сунуштады.
Айылдык кеңештин депутаттары бул арызды терең карап чыгып Ала-Тоо айылдык кеңешине арыз менен кайрылып депутаттардын макулдугун албагандыгын эске алып, айылдык кенештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Баш-Булак айыл өкмөтүнүн Садырбай айылынын тургуну Бакиров Карамалинин Кайрагач айылына 200 (эки жүз) орундуу бала бакчасын өз каражатынын эсебинен куруу боюнча жазган арызы депутаттар тарабынан колдоо таппагандыктан канааттандыруусуз калтырылсын.
2.Ушул токтомдун бир нускасы арыз ээсине берилсин.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |