Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги бешинчи сессиясы
2025-жылдын 24-марты № 4
Ала-Тоо айыл аймагынын Барак айылынын көчөлөрүнүн аталыштарын кайрадан карап чыгуу жөнүндө
Айылдык кенештин депутаттарына Барак айылынын айыл башчысы Б.Ашировдун Барак эксклов айылы мамлекеттер аралык сүйлөшүүлөрдүн негизинде Өзбек республикасы менен жерге-жер алмаштырылып,Жаңы-Барак айылы түптөлүп,2024-жылдын 15-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун катышуусунда айылдын ачылышы болуп азыркы күндө элдер жашап жатышат,бирок жер ресурстары агенттигинин Кара-Суу филиалынан базага кире электигинин себеби көчөлөрдүн аттарын,үйлөрдүн номерлерин айылдык кеңеш тарабынан тастыктап берүү керектиги боюнча сураныч каты менен тааныштырды жана үч көчөнүн аталышы мурда Барак эксклавында кандай аталса ошол боюнча калгандыгы боюнча ыраазычылыктарынын негизинде Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери активистери болгон Абдыкадыров Ашир,Көчкөнбаев Абдилла Субанов Абдыкарлардын аттарын кайрадан сессияда бекитип берүүнү суранды.
Депутаттар сураныч катты терең карап чыгышып Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин, 2-бөлүмүнүн 1-пунктунун, “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо,географиялык обьектерди оңдоо,атайын өзгөртүүнүн тартиби жөнүндөгү” жобонун 6-бөлүмүнүн 4-обзацына ылайык айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл аймагынын Барак айылынын жашоочуларынын сураныч катынын негизинде маркуумдар Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Абдыкадыров Аширдин,Көчкөнбаев Абдилланын,Субанов Абдыкарлардын аттары Барак эксклавында кандай аталса ошол боюнча өзгөртүүсүз калтырылсын.
2.Абдыкадыров Ашир атындагы көчөнүн чек аралары Жаңы-Барак конушунун түндүк жагынан,ылдыйынан түндүк батышынан Камалов Азизбектин үйүнөн,жогору жагы түштүк батышынан Султанова Жумагулдун үйүнө чейин,бул көчөдө үйлөр бир эле бет тарабында жайгашкан.
Көчкөнбаев Абдилла атындагы көчөнүн чек аралары Жаңы-Барак конушунун түндүк жагынан ылдыйынан сол жак бети түндүк батышынан Таштанкулов Марипжандын үйүнөн,жогору жагы түштүк батышынан Мурзаев Рахмандын үйүнө чейин,оң жак бети ылдыйынан түндүк чыгышынан Төрөбекова Эркайымдын үйүнөн жогору жагы түштүк чыгышынан Жумабаева Айиданын үйүнөн аяктайт.
Субанов Абдыкар атындагы көчөнүн чек аралары Жаңы-Барак конушунун түндүк жагынан ылдыйынан сол жак бети ылдыйынан түндүк батышынан Жантороева Курбанайдын үйүнөн,жогору жагы түштүк батышынан Алиев Бекмаматтын үйүнө чейин,оң жак бети ылдыйынан түндүк чыгышынан Мырзаев Маматжандын үйүнөн,жогору жагы түштүк чыгышынан Султанов Боронбайдын үйүнөн аяктайт.
3.Токтомдун бир нускасы арыз ээсине берилсин.
4.Токтом бир түп нускасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр геодезия жана картография боюнча Мамлелеттик агенттигинин Кара-Суу филиалына жөнөтүлсүн.
5.Бул токтомдук аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин иши регламент, депутаттык этика, коомдук уюмдар дин иштери боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |