Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги бешинчи сессиясы
2025-жылдын 24-марты № 5
Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн Кашкар-Кыштак айылынын бош көчөсүнө ат коюу боюнча элдик жыйындын протоколун бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары,айылдык кеңештин жооптуу катчысы С.Т.Топчубаеванын Кашкар-Кыштак айылынын жашоочуларынын атынан, айылдагы бош көчөлөрдүн бирине айылдын тургуну маркум эмгектин ардагери Юлдашев Холикжон Позиловичтин атын коюу боюнча элдик жыйындын протоколун бекитип берүү жөнүндө сураныч каты менен тааныштырып сессияда бекитип берүүнү сунуштады.
Депутаттар карап чыгып бул протоколду бекитип берүүгө макулдуктарын бергенден кийин сессия
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл аймагынын Кашкар-Кыштак айылынын бош көчөлөрдүн бирине айылдын тургуну маркум эмгектин ардагери Юлдашев Холикжон Позиловичтин ысымын коюу боюнча 2025-жылдын 16-февралындагы протоколу бекитилсин.
2. Кашкар-Кыштак айылындагы Ош-Кара-Суу көчөсүнүн батыш жагында жайгашкан мечиттен баштап,батышка темир жолго карай барган жолдун эң акыркы көчөнүн кесилшине чейин маркум Юлдашев Холикжон Позиловичтин аты жазылган белгилер коюлуп тиешелүү болгон үйлөргө номерлери коюлган табличкалар илинсин.
3. Бул токтомдун бир түп нускасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары,кадастр геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу филиалына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун бир арыз ээсине берилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо,архитектура курулуш, турак жай, жер айыл чарба ,суу чарба маселелери жана жаратылышты коргоо комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |