Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги бешинчи сессиясы
2025-жылдын 24-марты № 6
Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн “Ала-Тоо жайыт” муниципалдык ишканасынын жайыт пайдалануучулардан топтолуучу акча каражаттарынын тарифтерин бекитип берүү жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары “Ала-Тоо жайыт” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Тажибаевдин жайыт пайдалануучулардан топтолуучу акча каражаттарынын 2025-жылга каражаттарынын топтолушу боюнча жана тарифтерин бекитип берүү жөнүндө сунушун кеңири карап талкуулап чыгып,кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл аймагында жаңыдан “Ала-Тоо жайыт” муниципалдык ишканасыны болуп түзүлгөндүгүнө байланыштуу,аймактагы жайыт пайдалануучулардан топтолуучу акча каражаттардын төлөө тарифтери төмөндөгүдөй болуп:
1.Ийри мүйүздүү малга бир айга 60 (алтымыш) сомдон 5 айлык сезонго 300 (үч жүз) сомдон;
2.Майда жандык (кой эчкиге) бир айга 15 (он беш) сомдон 5 айлык сезонго 75 (жетимиш беш) сом;
3.Жылкыга бир айга 60 (алтымыш) сомдон 5 айга 300 (үч жүз) сом;
Башка айыл өкмөттүн жарандарына;
1.Ийри мүйүздүү малдарга бир айга 100 (жүз) сомдон 5 айга 500 (беш жүз) сомдон;
2.Майда жандыктарга (кой эчкиге) бир айга 25 (жыйырма беш) сомдон 5 айга 125 (бир жүз жыйырма беш) сом;
3.Жылкыга бир айга 100 (жүз) сомдон 5 айга 500 (үч жүз) сомдон;
Ала-Тоо айыл аймагына караштуу жайыт жерлерин тосуп алып мал багуудан башка багытка пайдаланган жарандардан;
1.1 (бир) гектар жер аянтына 1(бир) жылга 2000 (эки миң) сомдон;
2. 1 (бир) бал челекке 100 (жүз сомдон) ;
3.Айыл аймагындагы жайыт жерлерде,жеке ишкерлик менен алектенген физикалык жерлердан алынуучу жер акысы 1м2 жер аянтына 100 (жүз) сомдон бекитилсин.
2.“Ала-Тоо жайыт” муниципалдык ишканасы менен мыйзам чегинде тыгыз биргеликте иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция тартуу долбоорлор менен иштөө жана ишкердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |