Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги бешинчи сессиясы
2025-жылдын 24-марты № 7
Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 19-мартындагы
№148 чыгыш сандуу каты жөнүндө
Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн юристи Тагайбеков Эдил айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 19-мартындагы №148 чыгыш сандуу каты менен айылдык кеңештин депутаттарына тааныштырып,айыл өкмөтүнө караштуу Жылкелди айылында жайгашкан “Ак Улак Нуру” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчиси Абдибаитова Айжан Алимбековнаны Кара-Суу райондук Сотуна доо арыз менен кайрылып, 2024-жылдын 29-декабрь күнү №ГД-3861/24-03 сандуу аткаруу барагынын негизинде карызкор айыл өкмөтүнөн өндүрүп алуучу “Ак Улак Нуру” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин пайдасына 1817600 (бир миллион сегиз жүз он жети миң алты жүз) сом 66 тыйын өндүрүлүүсү көргөзүлүп, Кара-Суу райондук САБКсы тарабынан өздүк эсептер жабылып жогорудагы көрсөтүлгөн сомдун 10% өлчөмүндө 186417 (бир жүз сексен алты миң төрт жүз он жети) сом кошулуп жалпысынан 20503600 (эки миллион беш жүз үч миң алты жүз) сом өлчөмүндө акча каражатын төлөп берүү 2025-жылдын 17-февралындагы САБК нын токтому менен табылган.Аталган каражатты төлөп берүү максатында кезектеги сессияда карап берүүнү сурангандыгын депутаттар кеңири талкуулап чыгып, кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Кара-Суу райондук сотунун 2024-жылдын 29-декабрындагы №ГД-3861/24-03 сандуу чечимин жокко чыгаруу үчүн аппелациялык инстанцияга кайрылуу үчүн Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Берикбаевке жүктөлсүн.
2.Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө аламын жана толугу менен ишти жыйынтыктоо боюнча маалымат берүүнү талап кыламын.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |