Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги бешинчи сессиясы
2025-жылдын 24-марты № 8
Ала-Тоо айыл аймагынын Ак-Таш айылында жайгашкан А.Шеркулов атындагы мектептин аймагына согуштун ардагерлерине эстелик орнотуу боюнча айыл өкмөтүнүн сунуш каты жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары айыл өкмөтүнүн сунуш катын карап чыгып айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл аймагынын Ак-Таш айылында жайгашкан А.Шеркулов атындагы орто мектебинин ээлеп турган аянтынын четине согуштун ардагерлерине арналган эстелик орнотууга макулдук берилсин.
2. Эстелик орнотууга мыйзам чегинде иш кагаздарын даярдап тиешелүү органдарга кайрылуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдук аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин иши регламент,депутаттык этика,коомдук уюмдар дин иштери боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |