Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги бешинчи сессиясы
2025-жылдын 24-марты № 9
Ала-Тоо айыл аймагынын Мөнөк айылынын тургуну Акунбеков Абидиндин сунуш каты жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары Мөнөк айылынын тургуну Акунбеков Абидиндин айылда жайгашкан көп жылдык бак-дарактар багытындагы 0,34 га жерди бак кылып өздөштүрүп келишим менен иштетип жаткандыгын келишимде көрсөтүлгөн 20 жылдык мөөнөткө ижарага берүү боюнча келишимдин беш жылдык мөөнөтү бүткөндүктөн калган мөөнөтүн жаңы тарифтердин негизинде жаңыдан келишим түзүүгө макулдук берүү боюнча сунуш катын карап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл аймагынын Мөнөк айылынын тургуну Акунбеков Абидинге айылда жайгашкан көп жылдык бак-дарактар категориясына кирген 0,34 га бак дарак тигүүгө берилген жер аянтын мурдагы түзүлгөн ижара келишимдин мөөнөтү аяктаганга чейин калтырууга макулдук берилсин.
2. Ижарага берилген келишимдин мөөнөтү аяктаганга чейин жаңыдан Ала-Тоо айыл өкмөтү менен жаңыдан түзүлгөн тарифтердин негизинде мыйзам чегинде келишимди жаңылап түзүп берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин иши регламент,депутаттык этика,коомдук уюмдар дин иштери боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |