Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги бешинчи сессиясы
2025-жылдын 24-марты № 10
Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн Кашкар-Кыштак айылынын жашоочусу Вахидов Хакимжондын арызы жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары Кашкар-Кыштак айылынын тургуну Х.Вахидов айыл өкмөтүнүн кеңсесинин алдында жайгашкан бак-дарактардын ордуна көрктөндүрүп-жашылдандырып газон, гүлдөрдү эгип айыл өкмөтүнө келген жарандардын эс алуусуна шарт жаратып,балмуздак,суусундуктарды сатуу үчүн жеңил типтеги убактылуу дүкөн ачып ижарага берүү боюнча арызы менен тааныштырып ага макулдук берүүнү суранды.Депутаттар карап чыгып,айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн кеңсесинин алдында жайгашкан жердеги бак-дарактар жайгашкан жерин оң жак бетинен көрктөндүрүп,жашылдандырып элдердин келип кетүүсүнө ыңгайлуу шарт жаратып, убактылуу беш жылдык мөөнөткө ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2.Эки тараптуу келишим түзүп,келишимдин шарттарын ачык көрсөтүп мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин иши регламент, депутаттык этика, коомдук уюмдар дин иштери боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |