Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-февралы №32
Жаргылчак айыл аймагында таштандылар ташып чыгаруу жыйымынын баалары жөнүндө
Жаргылчак айыл аймагында таштанды ташып чыгаруу жыйымынын баасын бекитүү максатында Жаргылчак жергиликтүү кеңеши токтом кылат;
1.Жаргылчак айыл аймагынын айыл өкмөтүндө мурунку Даркан жана Жаргылчак айыл өкмөттөрүнүн таштанды ташып чыгарууга жыйымдары ар бир түтүнгө бекитилген 100 сомдук тарифи өзгөрүүсүз калтырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын кирешелер жөнундө кодексинин 74 жана 75-беренелерине ылайык, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу жыйымдары ар бир жылдын 1-апрелине чейин төлөнсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана кирешелер жөнүндө кодексине ылайык тиешелүү иштерди жүргүзүү айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча жетектөөчү адиси Н.К.Ишебаевге тапшырылсын.
4.Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Акматовго тапшырылсын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
Төрага Т.К.Баякунов