Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-февралы №36
Жаргылчак айыл аймагында мүлк салыгынын
өлчөмү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин № 404-беренесинин 4-пунктунда нарктык зоналардын чектери, ошондой эле, № 0,3 төн 2,0 чейинки өлчөмдөгү калктуу конуштун жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн мүлк салыгы 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык, 2025-жылдын 1-январь айынан тартып мүлк салыгын ишке киргизүү жагы жергиликтүү кенештер тарабынан жүргүзүлө тургандыгын эске алып, Жаргылчак жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1.2025-жылдын 1-январь айынан тартып Жаргылчак айыл аймагында мүлк салыгынын төмөндөгүдөй өлчөмү ишке киргизилсин.
2.2025-жылдын 1-январь айынан баштап айыл ичиндеги жерлер үчүн мүлк салыгы КЗ 1,2 коэфицент бекитилип, мулк салыгы ошондой эле айыл чарба багытында эмес жерлер КЗ 1,2 коэфицент болуп бекитилсин.
-Ал эми кашарлар жана башка мал чарба обьектилери үчүн мүлк салыгы КЗ 1,0 коэфиценти менен жана калктуу конуштардын жерлери 1,0 коэфицент болуп бекитилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жергиликтүү кенештин бюджет, экономика жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ургазиевге тапшырылсын.
Төрага Т.Баякунов