Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-марты №38
Жаргылчак айыл аймагында мүлк салыктарынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Жети-Өгүз району боюнча башкармалыгынын РКнын Салык кодексинин талаптарын аткаруу, анын ичинде жергиликтүү салыктардын өлчөмүн бекитүү боюнча сунуштарын карап чыгуу, Жаргылчак жергиликтүү кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. 2025-2027-жылдар үчүн Жаргылчак айыл аймагында мүлк салыктарынын өлчөмү төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин:
1.1 Турак жай имараты үчүн мүлк салыгынын өлчөмү чарчы метрине 2 кВ эсептелсин.
1.2 Бекитилген ставка 2025-жылдын 1-январынан баштап эсептөөгө алына турганы эске алынсын.
2.Токтомду веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылар реестрине каттоо кеңештин жоопту катчысы Н.У.Акматовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаргылчак айыл өкмөт башчысы Б.А.Ургазиевге тапшырылсын.
Төрага Т.К.Баякунов
Ч.Телгозиева 0701019731