Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 14-апрели № 198
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы № 516 "Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын асыл тукум субъекти статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Мыйзамынын 2-беренесинин 6-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы № 516 "Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибинде:
- 9-пункттун үчүнчү абзацында "5" деген цифра "15" деген цифраларга алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Тартиптин 1-7-тиркемелери ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 4-апрелиндеги № 25 (3681) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме
“Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибине 1-тиркеме |
Сүт породасындагы ири мүйүздүү малды өстүрүү
боюнча асыл тукум субъекттерге коюлуучу
минималдуу талаптар
№ | Көрсөткүчтөр | Асыл тукум завод
| Асыл тукум ферма |
1 | Уйлардын саны (баш) | 100 | 30 |
2 | Таза кандуу уйлардын салыштырма салмагы, % | 100 | 100 |
3 | Тубар үйүрүнүн класстык курамы, жалпы малдын башынан элита классындагы %, | 60 | 50 |
4 | Сүт азыктуулугун контролдоонун мезгилдүүлүгү (бир айда бир) | 1 | 1 |
5 | Уйларды жана кунаажындарды жасалма уруктандыруу (%) | 100 | 100 |
6 | 100 уйдан тирүү музоолордун саны (баш) | 80 | 75 |
7 | 100 уйдан жаш малдын сатылышы, бардыгы (баш) | 40 | 10 |
8 | Өндүргүч букалардын сатылышы (баш) | 2 | – |
9 | Малдын жалпы башынан сатылган жаш малдын, (жалпы элита-рекорд жана элита класстарын сатуудан %) букачарлардын пайызы |
10 |
5 |
10 | Кунаажындар, ургаачы торпоктор | 10 | 3 |
11 | 1 класстагы кунаажындар, ургаачы торпоктор | 20 | 30 |
12 | Сааны 8000 кг жана андан ашкан уйлардын сааны (малдын жалпы башынан %да) | 15 | 10 |
13 | 1 уйдан орточо саан (кг) | 5000 | 4500 |
|
| Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибине 2-тиркеме |
Эт породасындагы ири мүйүздүү малды жана топоздорду өстүрүү боюнча асыл тукум субъекттерге коюлуучу
минималдуу талаптар
№ | Көрсөткүчтөр | Асыл тукум завод | Асыл тукум ферма |
1 | Уйлардын саны, (баш) | 100 | 30 |
2 | Таза кандуу малдын салыштырма салмагы, % – өндүргүч букалар – уйлар |
100 100 |
100 70 |
3 | Элита-рекорд жана элита класстарындагы жаш малдын пайызы (тирүү салмагы боюнча) – букачарлар: 6 айлык жашында 15 айлык жашында – ургаачы торпоктор: 6 айлык жашында 15 айлык жашында |
60 60
65 60 |
50 50
50 50 |
4 | 100 уйдан музоо алуу, баш | 80 | 70 |
5 | Тирүү массасы 1-класстагы породанын талаптарынан төмөн эмес болгон ургаачы торпоктордун пайызы |
90 |
80 |
6
| 100 уйдан асыл тукум жаш малды сатуу, бардыгы (баш), анын ичинен букачарлар | 15 | 10 |
5 | 2 | ||
7 | Сатылган элита-рекорд жана элита класстарындагы жаш малдын саны (%): – букачарлар – кунаажындар жана ургаачы торпоктор |
20 10 |
10 3 |
|
| Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибине 3-тиркеме |
Ар кандай породалардагы койлорду жана эчкилерди
өстүрүү боюнча асыл тукум субъекттерге коюлуучу
минималдуу талаптар
№ | Көрсөткүчтөр | Асыл тукум заводдор | Асыл тукум фермалар |
1
| 1 жаштан ашкан тубар жана ургаачы кой эчкилердин саны (баш), анын ичинен: – элита классындагы жана 1-класстагы, % Туулган козунун (улактын) саны Бөлүүдө жаш малдын сакталышы |
500 80 100 95 |
200 70 95 95 |
2 | Тубар малды жасалма уруктандыруу, % | 100 | 100 |
3 | Тирүү массасы 1-класстагы мал породасынын стандартынан жогору (%): – өндүргүч кочкорлор (текелер) – селекциялык ядронун тубар малы – селекциялык топтун тубар малы |
25 25 25 |
15 15 15 |
4 | 100 тубар малдан асыл тукум жаш малды сатуу (баш), анын ичинен: козулар (улактар), алардын ичинен: – элита классындагы, % – элита классындагы ургаачы козулар, (%) |
15 10 50 50 |
15 5 40 40 |
5 | 1-класстагы породанын талаптарынан жогору кыркылган жүн (таралган тыбыт) (%): – өндүргүч кочкор (текелер) – тубар мал |
10 5 |
5 2 |
6 | Энесинен бөлүүдө тирүү массасы, максаттуу стандартка карата %: – козулар (улактар) – ургаачы кой (ургаачы эчки) |
100 95 |
95 90 |
|
| Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибине 4-тиркеме |
Жылкы өстүрүү боюнча асыл тукум субъекттерге коюлуучу
минималдуу талаптар
№ | Көрсөткүчтөр | Асыл тукум заводдор | Асыл тукум фермалар |
1
| Өндүргүч айгырлардын жана бээлердин саны (башы), анын ичинен: 1) атканада-жайытта багууда: – айгырлар – бээлер |
3 30 |
2 20 |
2) үйүрдө багууда: – айгырлар – бээлер |
5 35 |
2 25 | |
3) үйүрдө багууда – айгырлар – бээлер |
4 35 |
2 20 | |
2 | Малдын жалпы башынан таза кандуу жылкылардын пайызы: – айгырлар – бээлер |
100 100 |
80 80 |
3 | Комплекстүү баалоо (бонитировка) (%): – айгырлар (элита) – бээлер (элита) – бээлер(1-класс) |
100 60 40 |
100 50 40 |
4 | Элита классындагы асыл тукум жаш малды сатуу, сатылган малдын жалпы санынан %, анын ичинде: – миниле турган жана таскактуу – оор жүк ташуучу – жергиликтүү породалар |
80 70 50 |
60 55 45 |
5 | 100 бээден туулган кулундардын саны, анын ичинен: – миниле турган жана таскактуу породалар – оор жүк ташуучу – жергиликтүү породалар |
60 60 60 |
60 60 60 |
|
| Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибине 5-тиркеме |
Ар кандай породалардагы чочколорду өстүрүү
боюнча асыл тукум субъекттерге коюлуучу
минималдуу талаптар
№ | Көрсөткүчтөр | Асыл тукум заводдор | Асыл тукум фермалар |
1 | Негизги мегежиндин саны (баш) |
100 |
30 |
2 | Анын ичинен таза кандуу (%) | 100 | 80 |
3
| Негизги санынын тобунун класстык курамы (%): – элита-рекорд жана элита классындагы мегежиндер – элита-рекорд жана элита классындагы каман |
75 100 |
70 100 |
4 | Мегежиндин азыктуулугун баалоо: – жылына 1 негизги мегежинден туулган торопойлордун саны (баш) |
20 |
18 |
5 | Көп төлдөгөнү (баш) | 11 | 10 |
6 | Сүттүүлүгү (21-күнү торопойлордун тирүү массасы), кг | 52 | 48 |
7 | 35 күндө түрүү массасы, кг | 85 | 75 |
8 | 60 күндө түрүү массасы, кг | 180 | 160 |
9 | Өстүрүүдө жана семиртүүдө орточо суткалык салмак кошуусу, г |
500 |
500 |
10
| Негизги санына карата контролдоп семиртүү методун % менен баалоо: – камандар – мегежиндер |
100 50 |
- - |
11 | Калыбына келтирилүүчү жаш малды контролдук өстүрүү методу менен баалоо (%): – камандар – ургаачы чочколор |
100 100 |
100 40 |
12 | Алынган төлдөн сатылган асыл тукум жаш малдын пайызы |
20 |
20 |
|
| Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибине 6-тиркеме |
Айыл чарба канаттууларынын ар кандай түрлөрүн жана породаларын өстүрүү боюнча асыл тукум субъекттерге коюлуучу минималдуу талаптар
№ | Көрсөткүчтөр | Тооктор | |||||
Жумуртка | Эт-жумуртка | Эт | |||||
Асыл тукум заводдор | Асыл тукум ферма-лар | Асыл тукум заводдор | Асыл тукум фермалар | Асыл тукум заводдор | Асыл тукум ферма-лар | ||
1 | Жумуртка туучу тооктун саны, миң баш |
25 |
10 |
25 |
10 |
25 |
10 |
2 | Асыл тукум тобунун класстык курамы, элита-рекод жана элита класстарындагы жалпы санынан % |
60 |
|
60 |
|
60 |
|
3 | Жылына жумуртка туучу тооктун жумуртка туушу (даана) |
285 |
|
180 |
|
170 |
|
4 | Тобунун жүгүртүлүшү | 1,1 | 1,1 | 1,2 | 1,1 | 1,4 | 1,1 |
5 | Жумурткаларды асыл тукум максаттарга колдонуу, дүң өндүрүүдөн % |
35 |
|
40 |
|
60 |
|
6 | Балапан чыгаруу, % | 75 |
| 75 |
| 65 |
|
7 | Балапандардын сакталышы (бракка чыгарбастан), % |
95 |
|
95 |
|
95 |
|
8 | Өсүп жетилген канаттуунун сакталышы (бракка чыгарбастан) |
96 |
90 |
96 |
90 |
96 |
|
9 | Туучу тооктун саны, миң баш |
3 |
1 |
3 |
1 |
2 |
1 |
10 | Асыл тукум тобунун класстык курамы, элита-рекорд жана элита класстарындагы жалпы санынан % |
60 |
50 |
60 |
50 |
60 |
50 |
11 | Жылына жумуртка туучу тооктун жумуртка туушу (даана) |
120 |
110 |
180 |
120 |
40 |
25 |
12 | Тобунун жүгүртүлүшү | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
13 | Жумурткаларды асыл тукум максаттарга колдонуу, дүң өндүрүүдөн % |
70 |
|
75 |
|
80 |
|
14 | Балапан чыгаруу, % | 60 |
| 70 |
| 60 |
|
15 | Балапандардын сакталышы (бракка чыгарбастан), % |
90 |
|
92 |
|
92 |
|
16 | Өсүп жетилген канаттуунун сакталышы (бракка чыгарбастан), % |
95 |
80 |
94 |
80 |
90 |
80 |
|
| Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибине 7-тиркеме |
Аарынын ар кандай породаларын өстүрүү
боюнча асыл тукум субъекттерге коюлуучу
минималдуу талаптар
| Негизги критерийлер | Көрсөткүчтөр | |
асыл тукум заводдор | асыл тукум фермалар | ||
1 | Аарынын уюктарынын жалпы саны, анын ичинен: – асыл тукум өзөгү – селекциялык-асыл тукум тобу – таза кандуу аарынын уюктарынын пайызы |
1000 80 20
95 |
100 80 20
85 |
2 | Аарынын уюктарынын өндүрүмдүүлүгү | Орточо райондук көрсөткүчтөн 15 %га жогору | Орточо райондук көрсөткүчтөн 15 %га жогору |
”.