Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-марты №40
“Алга” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Сатылгановдун кайрылуусу жөнүндө.
“Алга” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Сатылгановдун кайрылуусун карап чыгып таза суу жана сугат суу тарифин бекитүү максатында Жаргылчак жергиликтүү кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Сугат суу төлөмү Даркан айылы үчүн үлүш жана өздөштүрүлгөн жерге 1га жер аянтына 520 (беш жүз жыйырма ) сом, корукчуга 1 га жер аянтына 80 сом болуп бекитилсин.
2. Сугат суу төлөмү Жеңиш айылы үчүн үлүш жана өздөштүрүлгөн жерге 1га жер аянтына 520 (беш жүз жыйырма ) сом, корукчуга 1 га жер аянтына 100 сом болуп бекитилсин.
3. Сугат суу төлөмү Ак-Терек, Кичи-Жаргылчак жана Чоң-Жаргылчак айылдары үчүн үлүш жана өздөштүрүлгөн жерге 1га жер аянтына 1000 (миң ) сом болуп бекитилсин.
Таза суу тарифи төмөнкүдөй бекитилсин:
1.1 Даркан айылы-1 кожолук 1250 сом жана 1 куб м3 32 сом.
1.2 Жеңиш айылы-1 кожолук -150 сом.
1.3 Ак-Терек айылы-1 кожолук -150 сом.
1.4 Кичи-Жаргылчак айылы -1 адамга - 45 сом.
2.Токтомду веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылар реестрине каттоо кеңештин жоопту катчысы Н.У.Акматовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаргылчак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге тапшырылсын.
Төрага Т.К.Баякунов
Ч.Телгозиева 0701019731