Загрузка документа…
ЖАРГЫЛчАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-марты №41
Аймакта жайыт бааларын бекитүү жөнүндө.
Жаргылчак айыл аймагында “Жаңы Башат-Тазалык сервис” муниципалдык ишканасынын жетекчиси С.И.Асанбековдун кайрылуусун карап чыгып, Даркан, Жеңиш, Ак-Терек, Кичи-Жаргылчак, Чоң-Жаргылчак айылдарында жайыт бааларын бекитүү максатында Жаргылчак жергиликтүү кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Жаргылчак айыл аймагында жайыт баалары төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин:
1.1. Аймактагы малчылардын менчик малды багуу акысы:
-кой-эчкиге- 1 (бир) айга 100 сом (бир башына);
-уй-жылкыга 1 (бир) айга 500 сом (бир башына);
-Менчик мал багууда майда малдын башы 700-800 баштан ашырбасын;
1.2.Малчылардын жайыт акысы:
-кой-эчкиге- 6 (алты) айга 16 сом (бир башына);
-Уй-жылкыга- 6 (алты) айга 80 сом (бир башына) төлөнсүн;
1.3. Жакынкы жайыттарга (кашарларга) 1 (бир) баш уй, 1 (бир) баш жылкы, 5 (беш) баш койдон ашык мал калтырылбасын;
1.4.Сырт өөрөнүндөгү алыскы Жаргылчак айыл өкмөтүнө тиешелүү жайыт жерлерди рационалдуу пайдалануу максатында Жаргылчак айыл өкмөтүндө жашаган элдин малын багуучу малчыларды жайыт менен камсыздап берилсин. Бош калган ашык жерлер гана кошуна айылдын малчыларына ижара катары бир жылдык мөөнөт менен берилсин. Жайыт акы бекитилген тариф менен “Жаңы Башат-Тазалык сервис” муниципалдык ишканасына кириштелсин.
1.5.Жаргылчак айыл аймагы боюнча Даркан, Жеңиш, Ак-Терек, Кичи-Жаргылчак, Чоң-Жаргылчак айылынын малчыларына жакынкы жана ортонку жайыттарды эс алдыруу менен бирге алыскы (Сырт өрөөнү ж.б) жайытка багуу 01-апрелден 01-октябрга чейинки багуу жагын уюштуруу “Жаңы Башат –Тазалык сервис” муниципалдык ишканасынын жетекчиси С.И.Асанбековго милдеттендирилсин.
2.Токтомду веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылар реестрине каттоо кеңештин жоопту катчысы Н.У.Акматовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаргылчак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге тапшырылсын.
Төрага Т.К.Баякунов
Ч.Телгозиева 0701019731