Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-марты №42
Швецария ѳкмѳтү жана Швецария жана кызматташтык Агенттиги тарабынан каржыланып жаткан айыл аймагында “Жергиликтүү деңгээлде кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү жакшыртуу долбооруна каралган акча каражаты тууралуу
Швецария Ѳкмѳтү каржылаган“Жергиликтүү деңгээлде кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү жакшыртуу долбоордун алкагында дараметин жогорулатуучу грант катары бериле турган акча каражатын 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетке киргизип жана чыгымдоолоруна кошумча 125 000 (бир жүз жыйырма беш миң) сомду туура пайдалануу максатында Жаргылчак жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1.Швецария Ѳкмѳтү каржылаган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү жакшыртуу” долбоордун алкагында дараметин жогорулатуучу грант катары келип жаткан 125 000 (бир жүз жыйырма беш миң) сом акча каражаты Жаргылчак айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине кириштелип, айыл ѳкмѳтүнүн дараметин жогорулатууга чыгымдалсын.
2.Жети-Ѳгүз райондук финансы башкармалыгынан дараметти жогорулатуучу грант катары келип жаткан 125 000 (бир жүз жыйырма беш миң) сом акча каражатын аппарат бѳлүмүнүн атайын эсептик счетуна 2215 беренесине кошумча бекитип берүү суралсын.
3. Каралган акча каражатын ѳз багытында туура пайдалануу жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
4.Токтомдук аткарылышын көзөмөлдөө жагы каржы-экономикалык, бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссияга (Акуш уулу Улан) тапшырылсын.
Төрага Т.Баякунов.
Ч.Телгозиева 0701019731