Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-марты № 43
Билим берүү жана илим министрлигинин кайрылуусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2025-жылдын 03-февралындагы № 16-2/614 жана Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмү боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн 2025-жылдын 11-февралындагы 320/8-6-175 иш агазында билим берүү уюмдарында окуучулар, тарбиялануучулардын коопсуздугун сактоо максатында мектеп жана бала бакчаларда атайын техникалык мүнөздөмөлөрү белгиленген видеокамера коюу боюнча тапшырмасын карап чыгып, Жаргылчак жергиликтүү кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2025-жылдын 03-февралындагы № 16-2/614 жана Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмү боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн 2025-жылдын 11-февралындагы 320/8-6-175 иш агазында билим берүү уюмдарында окуучулар, тарбиялануучулардын коопсуздугун сактоо максатында мектеп жана бала бакчаларда атайын техникалык мүнөздөмөлөрү белгиленген видеокамераларды орнотуу аймакта жайгашкан 10 социалдык объектисине (7 мектеп, 3 бала бакча) жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тиешелүү иш алып баруу жана акча каражатын максаттуу чыгымдоо айыл өкмөтүнун бөлүмүнүн башчысы Г.Алышпаевага милдеттендирилсин..
3.Токтомду веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылар реестрине каттоо кеңештин жоопту катчысы Н.У.Акматовго милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаргылчак айыл өкмөүтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге тапшырылсын.
Төрага Т.К.Баякунов
Ч.Телгозиева 0701019731