Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-марты №45
Жаргылчакайылаймагынын участкалык шайлоо комиссияларынын резервин бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын борбордук шайлоо комиссиясынын Тоң, Балыкчы жана Жети-Өгүз участкалык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлүнүн 2025-жылдын чыгыш катынын негизинде Жаргылчакайылаймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервин бекитүү боюнча жергиликтүү кеңештин төрагасы Т.Баякуновдун билдирүүлөрү угулуп, талкууланып, жергиликтүү кеңештин сессиясы токтом кылат:
1.Жаргылчакайылаймагында төмөнкү 6 шайлоо участкалары: УШК № 3193 К.Саалиев атындагы жалпы орто билим берүү мектеби, УШК № 3246 А.Сатылганов атындагы жалпы орто билим берүү мектеби, УШК № 3195 Ак-Терек айылындагы маданият үйү, УШК № 3194 Жеңиш маданият үйү, УШК № 3196 Кичи-Жаргылчак маданият үйү, УШК № 3197 Чоң-Жаргылчак жалпы орто билим берүү мектеби боюнча комиссиялардын резеврдик курамдарын бекитүүгө макулдук берилсин.
2.Жаргылчак айыл аймагы боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамдарын бекитүү жагы аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын жана жөнөтүлсүн.
3.Токтомду веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылар реестринекаттоо жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысы Н.Акматовго милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө кеңештин төрагасынын орун басары Т.Кызалаковго милдеттендирилсин.
Төрага Т.Баякунов.
Ч.Телгозиева 0701019731