Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-марты №48
Ак-Терек таза суусун тартып келүүгө жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө.
Жаргылчак айыл аймагынын Ак-Терек айылынын ичүүчү таза суусунун тартыштыгын эске алып, айыл тургундарына ичүүчү таза суунун жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесин жана айылдык кеңештин регламентин жетекчиликке алып, Жаргылчак айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
1.Айыл тургундарына таза суунун жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында Бал-Челек участогунан Ак-Терек айылынын эски суу резервуарына чейин суу түтүгү менен тартылып келинсин.
2. Жергиликтүү бюджеттен 1 миллион сом акча каражаты суу тартып келүү иштерине жумшалсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын финансы-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Жаргылчак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
Төрага Т.К.Баякунов
Ч.Телгозиева 0701019731