Загрузка документа…
ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
Жаны-Арык айылдык Кенешинин XXVIII-чакырылышынын V-кезектеги сессиясы
2022-жылдын 8-апрели № 8/3
Жаны-Арык айыл аймагынын жайыт комитетинин атайын техникаларынын калкка кызмат көрсөтүү тарифтерин бекитүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Жаны-Арык айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасынын сунуш карап, айылдык кенештин депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, азыркы учурлардагы күйүүчү майга, тетиктерге болгон баанын бир кыйла көтөрүлгөндүгүн эске алып, Жаны-Арык айылдык кенеши, токтом кылат:
Жаны-Арык айыл аймагынын жайыт комитетинин экскаватор атайын техникасынын калкка кызмат көрсөтүү боюнча тарифтери төмөндөгүдөй бекитилсин:
- Жер казуу - 1 м узундуктагы жер үчүн 180 сом, ал эми 1 м3 тереңдиктеги чуңкур казуу 800 сом (күйүүчү майы ичинде)
- ГАЗ-53 автоунаасына кум, шагыл, топурак ж.б. жүктөө – 500 сом (күйүүчү майы ичинде)
- ЗиЛ автоунаасына кум, шагыл, топурак ж.б. жүктөө – 600 сом (күйүүчү майы ичинде)
- КамАЗ- автоунаасына кум, шагыл, топурак ж.б. жүктөө – 700 сом (күйүүчү майы ичинде)
- ХоВо автоунаасына кум, шагыл, топурак ж.б. жүктөө – 1000 сом (күйүүчү майы ичинде)
Жайыт комитетинин мини-ХоВО атайын техникасынын калкка кызмат көрсөтүү боюнча тарифтери төмөндөгүдөй бекитилсин:
- 1 рейс кум, шагыл, топурак ж.б. турмуш-тиричиликке жараша кызмат көрсөтүүсү –
800 сом (күйүүчү майы ичинде);
3. Бул токтом айыл аймагынын тургундарына тааныштырылсын;
4. Жаны-Арык айылдык кенешинин 8-апрель 2020-жылдагы №28/3 токтому күчүн жоготту деп табылсын;
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаны-Арык айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Жайлообек уулу Чыныбекке милдеттендирилсин.
Төрайым: | М. Акматалиева |