Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-марты № 50
Жаргылчак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө лизинг аркылуу техника алууга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен лизинг төлөм каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Жаргылчак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө лизинг аркылуу техника алууга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен лизинг төлөм каражатын бөлүп берүүмаксатында Жаргылчак жергиликтүү кенеши токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнө лизинг аркылуу техника алууга айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен лизинг төлөм катары 2кварталдык төлөм үчүн 3 090 462 сом өлчөмүндөгү акча каражатын бөлүп каржылоого макулдук берилсин.
2. Техника алуу боюнча лизинг компаниялары менен келишим түзүү жагы каралсын.
3. Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарынын негизинде иш алып баруу жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы Г.Алышбаевага тапшырылсын.
4 . Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
Төрага Т.Баякунов.
Ч.Телгозиева 0701019731