Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Уч -Коргон айылдык кеңешинин IX-чакырылышынын кезектеги 4- сессиясынын
2025-жылынын 6-февралы №4/1
«Үч-Коргон айылдык кеңешинин 2025-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө»
“Мыйзамдуулук жана сот-укук маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Турдиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин регламентинин 14-беренесине негиз 2025-жылга айылдык кеңештин бир жылдык иш-планы кабыл алынсын. (тиркеме тиркелет).
2. Кабыл алынган иш-планга ылайык иш алып баруу айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына жана депутаттарына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Үч-Коргон айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук жана сот-укук маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Турдиевге жүктөлсүн.
4. Токтом расмий жарыялангандан кийин юридикалык күчүнө кирет.
Төрага Таштанбай уулу Манас