Загрузка документа…
ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
Жаны-Арык айылдык Кенешинин XXVIII-чакырылышынын V-кезектеги сессиясы
2022-жылдын 8-апрели № 8/4
Жаны-Арык айыл аймагындагы сугат суусун пайдалануудагы тарифтерин бекитүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Жаны-Арык айыл аймагындагы «Базар-Турук» СПАсынын башчысынын сунушун карап, айылдык кенештин депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык кенеши, токтом кылат:
1. Жаны-Арык айыл аймагы боюнча «Базар-Турук» СПАсынын карамагындагы сугат каналдарынан сугат суусун пайдаланып, айыл-чарба багытындагы жер жана огород аянттарын сугаруу боюнча тарифтер төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
- 1 га айыл-чарба багытындагы жер аянтын бир жолку сугаруу 200 сом өлчөмүндө;
- жеке менчик огороддорду бир жолку сугаруу үчүн эгерде огороддун аянты 0,25 га чейин болсо 50 сом өлчөмүндө, ал эми 0,25 га дан ашык болсо 100 сом өлчөмүндө.
2. Сугат каналдардагы сууну пайдалануу эрежелерин бузуу, белгиленген эрежелерге баш ийбей, сугат суусун өзүм билемдик менен жыгуу боюнча айып пулдар Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык салына тургандыгы белгиленсин;
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаны-Арык айыл аймагындагы «Базар-Турук» СПАсынын башчысы С.Кулубаевка милдеттендирилсин.
Төрайым: | М. Акматалиева |