Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 17-сессиясынын
2024-жылынын 14-майы №17/2
«Айыл аймагындагы жер аянттарын муниципалдык менчикке алуу жөнүндө»
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 8.05.2024-жылдагы №01-17/15 сандуу кайрылуусунун 1-пунктуна ылайык муниципалдык менчикке алуу боюнча Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси Р.Токторбековдун маалыматын угуп жана талкуулап Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл аймагынын Нарын айылындагы №47/1 М.Сыдыков көчөсүндө жайгашкан 531,32 кв.метр жер аянты жана Жыл-Кол айылындагы жайгашкан №36/1 Т.Миңбаев көчөсүндөгү 620 кв.метр жер аянты муниципалдык менчикке тартылсын.
2. Токтом расмий жарыялангандан кийин юридикалык күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы М.Жапаровго милдеттендирилсин.
Төрага Таштанбай уулу Манас