Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 17-сессиясынын
2024-жылынын 14-майы №17/3
«Айыл аймагындагы мазарларга кошумча жер аянттарын ажыратып берүү жөнүндө»
Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Жапаровдун 08.05.2024-жылдагы №01-17/15 сандуу кайрылуусунун 3-пунктуна ылайык айыл аймагындагы мазарлардын жер аянттарын мүмкүнчүлүккө жараша кеңейтип берүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл аймагындагы мазарлардын жер аянттары мүмкүнчүлүккө жараша кеңейтилип жер аянттары ажыратылып берилсин жана мазарларга маркумдардын коюулуунун тартиби иретке келтирилип жөнгө салынсын.
2. Токтом расмий жарыялангандан кийин юридикалык күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М. Жапаровго жана айыл аймагынын баш имамына милдеттендирилсин.
Төрага Таштанбай уулу Манас