Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 17-сессиясынын
2024-жылынын 14-майы №17/4
«“Нур-Телеком” уюлдук операторунун антеннасын орнотуу жөнүндө»
Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Жапаровдун 08.05.2024-жылдагы №01-17/15 сандуу кайрылуусунун 6-пунктуна ылайык “Нур-Телеком” уюлдук операторунун антеннасын орнотууга уруксат берүү тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл аймагынын Жыл-Кол айылынын тургундарын уюлдук жана интернет байланышы менен камсыз кылуу максатында О! Мобилдик байланыш компаниясынын антеннасын убактылуу орнотуу үчүн ижара келишими менен 25 м.кв жер аянты бөлүп берилсин.
2. Токтом расмий жарыялангандан кийин юридикалык күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын аткаруу жана көзөмөлдөө жагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы М. Жапаровго милдеттендирилсин.
Төрага Таштанбай уулу Манас