Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 17-сессиясынын
2024-жылынын 14-майы №17/5
«Мамлекеттик фондунун эсебиндеги кайракы 75 га жер аянтын
ижарага берүү жөнүндө»
Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Жапаровдун 8.05.2024-жылдагы №01-17/15 сандуу кайрылуусунун 9-пунктуна ылайык Мамлекеттик фондунун эсебиндеги кайракы 75 га жер аянтын конкурс аркылуу ижарага берүү тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик фондунун эсебиндеги кайракы 75 га жер аянтын конкурс аркылуу 5 га дан 5 жылдык мөөнөт менен ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтом расмий жарыялангандан кийин юридикалык күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын аткаруу жана көзөмөлдөө жагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы М. Жапаровго милдеттендирилсин.
Төрага Таштанбай уулу Манас