Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 17-сессиясынын
2024-жылынын 14-майы №17/6
«Муниципалдык менчиктеги жерди убактылуу берүү жөнүндө»
Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин агрокомитетинин төрагасы М.Курбановдун Нарын айылынын М.Сыдыков 122 дарегиндеги электромамычанын түйүндө жайгашкан муниципалдык жерди айыл чарба багытында убактылуу иштетүү үчүн социалдык жактан мүмкүнчүлүгү чектелген жана социалдык муктажыдыгы аныкталган жарандарга берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл аймагынын Нарын айылындагы М.Сыдыков 122 дарегиндеги 15 сотых электромамычанын түйүндө жайгашкан муниципалдык менчик жерди айыл чарба багытында убактылуу иштетүү үчүн социалдык жактан мүмкүнчүлүгү чектелген жана социалдык муктажыдыгы аныкталган Сарыбашов Нурбекке берилсин.
2. Токтом расмий жарыялангандан кийин юридикалык күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын аткаруу жана көзөмөлдөө жагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы М. Жапаровго милдеттендирилсин.
Төрага Таштанбай уулу Манас