Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 3 - отуруму
2025-жылдын 14-январы № 3/1
Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн планынын аткарылышы жана 2025-2026-жылдарга карата аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын өнүгүү планын бекитүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII -чакырылышынын кезектеги 3-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Э.Тажибаевдин баяндамасын угуп жана талкуулап , Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 3- пунктарынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планынын аткарылышы жөнүндөгү маалыматы Гүлчө айылдык кеңеши тарабынан жактырылганы эске алынсын.
2.2025-26-жылдарга карата аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын өнүгүү планы бекитилсин.(Тиркеме тиркелет).
3.Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2025-26-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө белгиленгендерди камсыз кылуу үчүн Ата-Мекендик , чет-элдик инвестицияларды тартуу менен жааматтарды катыштыруу, жергиликтүү бюджеттин киреше булагын толтуруу, муниципалдык менчикти максаттуу пайдалануу, айыл-чарба багытындагы кайра-бөлүштүрүү фондунун жерлерин конкурсттук негизде берүүнү уюштуруу, кыймылсыз мүлктөрдүн так жана толук эсебин алуу боюнча иштерди аткаруу айыл өкмөттүн башчысы Н.Э.Тажибаевдин жана тиешелүү жооптуу кызматкерлерине милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика,бюджет, инвестициялар , ишкердик кылуу боюнча жана мыйзамдуулук, кеңештин иштери боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага: | А.Б. Самиев |