Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 3-отуруму
2025-жылдын 14-январы № 3/2
Гүлчө айылынын тургуну Базарбаев Эрлан Базарбаевичке Гүлчө айылынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу сунушу жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 3-отуруму, депутат Ормонбек у Эрмектин баяндамасын угуп, мыйзамдуулук, жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 13-январындагы №1 чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин 17- пунктунун негизинде, Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору, юридика илимдеринин доктору, 85 ке жакын илимий эмгектердин жана окуу-методикалык эмгектердин автору, билим берүүнүн “Отличниги” жана “Эмгеги сиңген юристи”деген жогорку наамдардын ээси, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Административдик финансы жана маалымат укугу кафедрасынын башчысы Базарбаев Эрлан Базарбаевичке, билим берүү тармагына кошкон зор салымы үчүн Гүлчө айылынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2.Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин
3.Ушул токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, кеңештин ишмердүүлүгү жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Б. Самиев |