Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 3-отуруму
2025-жылдын 14-январы № 3/3
Гүлчө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-жылга карата аткарылышы боюнча маалыматы, 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү, 2026-2027-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 3-отуруму, айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевдин баяндамасын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын 20.10. 2021-жылдагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2- пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 118396,7 миң сомго, анын ичинен өздүк киреше 84645,5 миң сом (анын ичине атайын каражат 10045,8 миң сом), теңдештирүүчү трансферт 16062,6 миң сом, республикалык бюджеттен берилүүчү максаттуу трансферт 4686,7 миң сом, өткөн жылдан өткөн калдык 13001,9 миң сом жана чыгаша бөлүгү 102066,2 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2.Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 98957,1 миң сомго, анын ичинде теңдештирүүчү трансферт 11832,0 миң сомго жана өздүк киреше 87125,1 миң сомго (анын ичинде атайын каражат 7063,2 миң сом) бекитилсин.
3.2026-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун планы өздүк кирешенин эсебинен 94937,0 миң сомго, анын ичинде атайын каражаттар 7063,2 сомго болжолу бекитилсин.
42027-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планы өздүк кирешенин эсебинен 104782,0миң сомго анын ичинде, анын ичинде атайын каражат 7063,2 сомго болжолу бекитилсин.
5.Гүлчө тазалык жашылдандыруу муниципалдык ишканасына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык 2025-жыл үчүн Гүлчө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешелер эсебинен 10 000,0 млн.сом өлчөмүндө субсидия бөлүнүп берилсин жана киреше, чыгаша бөлүгүнүн отчетторун квартал сайын тапшыруу жагы Гүлчө тазалык жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ж.Калдыбаевге жана эсепчиси М. Тажиковага милдеттендирилсин.
6.Гүлчө автобекет муниципалдык ишканасына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык 2025-жыл үчүн Гүлчө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешелер эсебинен 930,1 мин сом өлчөмүндө субсидия бөлүнүп берилсин жана киреше,чыгаша бөлүгүнүн отчетторун квартал сайын тапшыруу жагы Гүлчө автобекет муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.
7.Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигине кошумча келишимдин негизинде 7 кызматкер кармалсын.Эмгек акылары жергиликтүү бюджетинен каржылансын.
8.Гүлчө айыл өкмөтүндө жайгашкан мектептерге жана мекемелерге бюджетте каралган акча каражаттарын туура жана максаттуу пайдалануу жагын камсыз кылуу, отчет-учет иштерин убагында айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме башчыларына жана чарбалык иштер боюнча директорлордун орун басарларына милдеттендирилсин.
9.Бюджетте каралган акча каражаттарын смета боюнча өз убагында мыйзамдуу, максаттуу жумшалышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Каныбек кызы Эркинайга милдеттендирилсин.
10.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А.Б. Самиев |