Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 3-отуруму
2025-жылдын 14-январы № 3/4
Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен 16 330,6 миң сом калган калдык акча каражатын 2025-жылдын бюджетине иштетүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 3-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2025- 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен калган калдык акча жылдын каражатын 2025-жылдын бюджетине иштетүү боюнча Гүлчө айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 20.10. 2021-жылдагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2- пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата 2024-жылдан пайдаланылбай калган 16330,6 миң сом, анын ичинде бюджет эсебинде 12995,8 миң сом жана атайын каражаттар эсебинде 3334,8 миң сом калдык акча каражатын 2025-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча болуп киргизилсин.
2.Бюджетте каралган акча каражаттарын смета боюнча өз убагында мыйзамдуу, максаттуу жумшалышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Каныбек кызы Эркинайга милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айылдык кенешинин бюджет,экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А.Б. Самиев |