Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 3-отуруму
2025-жылдын 14-январы № 3/5
Гүлчөайыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин атайын каражатынан 7063,2 миң сом акча каражатын 2025-жылдын бюджетине иштетүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 3-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен калган калдык акча каражатын 2025-жылдын бюджетине иштетүү боюнча Гүлчө айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 20.10. 2021-жылдагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2- пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата атайын каражатынын 7063,2 мин сом акча каражатын 2025-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө киргизилсин.
2.Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектепке чейинки мекемелерде, балдар бакчаларындагы балдардын ата-энелерден түшүүчү төлөмдөрү айына бир балага 1000 сомдон (анын ичинде 970 сом тамак-ашына жана 30 сом (башкача айтканда 3 пайызы) чарбалык товарларга жумшалышы) белгиленсин.
3.Бюджетте каралган акча каражаттарын смета боюнча өз убагында мыйзамдуу, максаттуу жумшалышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Каныбек кызы Эркинайга милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А.Б. Самиев |