Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 4-отуруму
2025-жылдын 13-февралы № 4/1
Гүлчө айыл өкмөтүнүн алдындагы «Гүлчө тазалык жашылдандыруу», «Гүлчө таза-суу», «Гүлчө парк» жана «Жайыт коомдук бирикмеси» муниципалдык ишканаларын бириктирип, «Гүлчө коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII -чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 4-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин сунушу боюнча баяндамасын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын 24-жылдын 29-июлундагы №152 Административдик-аймактык реформанын алкагында, «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34–беренесинин 5-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Гүлчө айыл өкмөтүнүн алдындагы «Гүлчө тазалык жашылдандыруу», «Гүлчө таза-суу», «Гүлчө парк», «Жайыт коомдук бирикмеси» муниципалдык ишканалары жоюлсун жана каттоо күбөлүктөрү жараксыз деп табылсын.
2. Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Гүлчө коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасы болуп түзүлсүн.
3. Жоюлган жана жаңыдан түзүлгөн ишканага тиешелүү болгон иш-кагаздарын тактап, мыйзам чегинде бүтүрүү жагы «Гүлчө коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасынын директору Ж.Калдыбаевге жүктөлсүн.
4. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик , кеңештин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Б. Самиев |