Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 4-отуруму
2025-жылдын 13-февралы № 4/2
«Гүлчө коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифин бекитүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 4-отуруму, «Гүлчө коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасынын директору Ж.Калдыбаевдин баяндамасын угуп жана талкуулап, экономика, бюджет жана нвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 6-февралдагы 2-отурумунун чечиминин негизинде жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34- беренесинин 4-5-пунктарынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Гүлчө коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасынын автомашиналарынын турмуш тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуп, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн көрсөткөн кызмат-акылары келишимдин негизинде төмөндөгүдөй тарифте бекитилип берилсин:
1. Портер автомашинасынын кызмат көрсөтүү акысы ар бир рейси - 1200 сом
2. МАЗ автомашинасы(суу ташуучу 8 тонналык) ар бир рейсине - 3 200 сом
3. Мерс-418 автоунаасынын ар бир рейсине – 2 100 сом
Погрузчик автотехникасынын көрсөткөн кызмат-акысы бир саатына :
4. Автовышка автоунаасына саатына - 1 630 сом
5. Гүлчө айыл аймагы үчүн - 2615 сом6. Башка айыл өкмөттөрү жана мамлекеттик ишканалар үчүн, саатына - 3 000 сом
7. Жеке менчик фирмаларга – 3 500 сом
8. МТЗ-эксковаторуна саатына -1 366 сом9. ХОВО (самосвал) автоунаалары үчүн ар бир рейсине - 4 000 сом
9. ХОВО (самосвал) автоунаалары үчүн ар бир рейсине - 4 000 сом
10. – ГАЗ-53 АЦ автоунаасынын ар бир рейси - 3 500 сом болуп белгиленсин.
2. Мекеме-ишканалардын, жеке менчик, коммерциялык уюмдардан (юридикалык жактар үчүн) таштанды ташып чыгаруу үчүн бир айга болгон төлөм тарифи:
- 50 м2 ка чейинки аянттагы дүкөндөр , киоскалар, чачтарачканалар ж.б.у.с ишканалары үчүн бир айда - 300 сом
- 50 м2 ка чейинки тамак-аш менен алектенүүчү жайлар – 500сом
-50м2 тан 100 м2 га чейинки дүкөндөр, киоск, чачтарачканалар, аптекалар, вулканизациялар ж.б. у.с жайлар үчүн бир айда - 700 сом
- 50 м 2 тан 100 м2 чейинки тамак-аш даярдоочу жайлар, ж.б.у.с жеке менчик ишканалар бир айга - 1000 сом
-100м 2 тан жогорку азык-түлүк, кийим-кече, чарба товарлары, курулуш материалдары жана үй-тиричилик техникалары сатылуучу дүкөндөрү үчүн бир айга – 1000 сом
Гүлчө айыл аймагында жайгашкан бардык мекеме-ишканалар үчүн айына -600 сом
- мончолорго, машина жуучу жайларга, машина оңдоочу устаканаларга - келишимдин негизинде
3. Аянты чоң ишканалар (юридикалык жактар үчүн) таштанды көп чыгаруучу ишканалар үчүн :
- Базар, « Элиме», «Чолпон» кафеси, «Абдибаит»кафеси, «Престиж» кафеси, «Бообек» кафе, «Абдибаит» кафе-ресторан, «Ай-Көкүл» рестораны, «Ак Бата Гранд» рестораны жана башка ишканалар, жеке менчик ишканалардагы таштандыларды алып чыгуу күндөрүн эсептөө менен келишим түзүү жана тарифти – 4000 сомго чейинки өлчөмдө бекитүү
4.Таштанды таштоочу жайга (полигонго) таштанды төгүү үчүн автоунаалардын таштанды таштоолору боюнча тарифтер:
- ХОВО жана Шахман автоунаалары үчүн ар бир рейси - 800 сом
-Камаз автоунаалары үчүн ар бир рейси – 600 сом
-ЗиЛ,Мерседестер үчүн ар бир рейси -500 сом
-Портер автоунаалары үчүн – 300 сом
- Лабо, Муравей унаалары үчүн - 200 сом
-жеке менчик жеңил автоунаалары үчүн – 100 сом
Автоцистерна үчүн:
- Камаз автоунаасынын ар бир рейсине - 800 сом
- ЗиЛ, Газ-53 автоунаалары үчүн ар бир рейси -500 сом
5. Абоненттерден турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн, айына адам башына – 40 сомдон болуп бекитилсин.
- Бир үй-бүлөдө алты жандан көбү катталган болсо, алар төлөмдөн бошотулсун.
Ичүүчү Таза-Суу үчүн тарифтер:
- абоненттер үчүн ичүүчү таза-сууга адам башына - 25 сом
-Суу эсептегичи бар абоненттерге , айына 1 куб үчүн – 50 сом
-Короосундагы кудуктан суу пайдалануучулар үчүн адам башына - 25 сом
Мекеме-ишканалар үчүн:
1. Банктар айына - 600 сом
2. Кафелер айына -500 сомдон 1000 сомго чейин
3. Ресторандар айына – 1500 сом
4. Мончолор -2000 сом айына
5. Май куюучу жайлардан(заправка) айына – 2000 сом
6. Машина жуучу жайлар (автомойка) -3000 сом
7. Райондук борбордук ооруканасы айына – келишимдин негизинде
8. Тиш дарылоочу ишканаларга – 500 сомдон 1000 сомго чейин
9. Мектеп-интернат айына келишимдин негизинде
10. Мектеп-балдар бакчалары, ж.б ишканалар келишимдин негизинде
11. Жер астынан казылып алынган (кудуктан) сууну пайдалануучуларга дагы ушул тарифтер тиешелүү болуп бекитилсин.
12. Бассейндер – келишимдин негизинде
6. Гүлчө айылынын жашоочулары үчүн суу түтүктөрүн туташтыруу акысы – 3000 миң сом акча каражаты болуп белгиленсин жана суу түтүктөрүн тартып берүү үчүн керектелүүчү каражаттар жеке жарандын өзү тарабынан алынсын.
7. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге, «Гүлчө коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасынын директору Ж.Калдыбаевге милдеттендирилсин.
8. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Б. Самиев |